“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын кызматкерлери тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” фактылары ачылды

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын кызматкерлери тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” фактылары ачылды. Бул туурасында ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын май айындагы Эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2012-жылдагы чыгаша бөлүгүндө каралбаган демөөрчүлүк жардамдардын чыгашасы 10 миллион 298 миң сомду түзгөн. Ошондой эле аталган мекеменин кызматкерлери чарба субъекттерин каттоодо 600 доллар өлчөмүндө каражат алышкан.   

Жогоруда көрсөтүлгөн сумма “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын “Субъекттерди каттоо тартиби жөнүндө” жобосунун негизинде алынат. Бирок бул жобо белгиленген тартипте бекитилген эмес жана мамлекеттик органдарга тиешелүү макулдашуудан өткөн эмес.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан