Түштүктө диний экстремизмди жайылткан топ колго түшүрүлдү

Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Маалыматта Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында кылмыштуу топ өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгени айтылат. Экстремизмге каршы күрөшүүчү 10-бөлүктүн кызматкерлери бир нече ай мурун диний экстремисттик "Хизбут-Тахрир" коомунун изине түшкөн. Анын башында Ош облусунун "амири" С.Х. турган.

Күч органдарынын кызматкерлери аталган топтун экстремисттик адабияттар менен камсыз болгон булагын аныкташкан жана байланыштыруучулардын изине түшүшкөн. Операция жүрүшүндө 8 адам колго түшүрүлүп, анын экөөсү Ош шаарынын тургундары, калганы Өзгөн районунун Кара-Суу районундагы Савай айылынын, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургундары экени аныкталды. Кармалгандардан көп сандаган диний-экстремисттик материалдар, "Хизбут-Тахрир" агымынын адабияттары жана көчүрүүчү аппарат, электрондук материалдар табылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rnurzida
2013-12-14 12:27:23
Кудай сактааа
0
Shota
2013-12-14 13:18:04
Кыргызстан ушуга окшогон туура эмес уюмдардан батыраак арылса экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан