Кечээ түндө, саат 02:00дөр чамасында Байтик баатыр-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаа рулду башкара албай жол жээгинде токтоп турган 7 унааны сүзүп, ошол жерден из жашырган. Учурда анын ким экендиги такталууда.