"Не тормози, сникерсни!". Маматалиев өкмөткө ундун баасын арзандатуунун жолун айтты (видео)

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев ундун кымбаттаганына өкмөт жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканын айтып, нааразы болду.

Эл өкүлүнүн пикиринде өкмөт иш жүзүндө чечкиндүү кадамдарга барбай жатат.

"Алмасбек Акунжанович, мен алып берейин же сиз аласызбы. Бир пачка “Сникерс” алып азык-түлүккө жооптуу министрлерге берип туруп “не тормози, сникерсни” деп коюңузчу. Ундун баасы көтөрүлгөндөн бери өкмөт эмне кылды? Айыл чарба министрлиги "Биз унду экспорттоого тыюу салабыз" деди. Деди, кылган жок! Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "Бизде ун жетиштүү" деди, вице-премьер министр "Темир жолдо тыгын болуп жатыптыр" деди. Деди, болду. Өкмөт башчынын үч орун басары эмнеге отурат? Алар түздөн-түз буга жоопкерчиликтүү. Бир күндө чечим кабыл ала турган маселе. Чакырсын, айтсын. Унду экспорттоого тыюу салсын, МатРезерв базарга ун чыгарып, таңкыстыкты жойсун", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал ун менен кошо башка да азыктарга болгон баа көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 21.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан