Сүйүнчү! Эрмек Таалайбеков менен жубайы Бекзада Жолборс кыздуу болушту

Актёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборс ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Таалайбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү.

"Сүйүнчү! Кыздуу болдук. Бекзадага рахмат. Сен кыйынсың", - деп жазды актёр.

Буга чейин түгөйлөр кыздуу боло турганын жарыялаган болчу. Анда блогер Бекзада Жолборс бул учурду көптөн бери күтүп жатышкандыгын жазган.

Белгилей кетсек, актер Эрмек Таалайбеков менен Бекзада Жолборс 2017-жылы 6-ноябрда баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан