Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени утту

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусияда өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ураа! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элибиздин батасы менен "LADY WORLD" сынагында баш байгени утуп, "Дүйнө айымы" аталдым", - деп жазды ал.

Ырчы буга чейин аталган сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышарын билдирген.

Ошондой эле “Дүйнө айымы” сынагына Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышып, ага алгачкылардан болуп бара жатканына сыймыктанарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2023-09-24 15:58:00
Азаматсың карындашым.
+1
baltabai
2023-09-25 17:43:00
Жеңиш. Бизде Кыргызстан алга алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан