Бишкектеги
айдоочуга кол салган Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек
ШИИББинин басма сөз кызматы 13-декабрда билдирген.
Маалыматка
караганда, Манас жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Ниссан үлгүсүндөгү
таксинин айдоочусун эки адам коркутуп, чөнтөк телефонун, буюмдарын тартып алып,
автоунаасын айдап качып кетишкен. Тартип сакчыларга ошол замат
арыз түшүп, шектелген адамдарды кармоо башталган. Кылмыш изи сууй электе тартип
сакчылары тарабынан Казакстандын Жамбыл облусунун Байтерек айылынын 22 жаштагы
Асет С. жана 26 жаштагы Аскар Ж. аттуу жарандары кармалышкан.