Бүгүн "ART-ORDO - 2023" эл аралык театр фестивалы расмий ачылат

Бүгүн, 25-сентябрда саат 10:00дө СССР эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган "ART-ORDO - 2023" эл аралык театр фестивалы расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, спектаклдер Т.Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ Улуттук академиялык драма театрында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрда жана Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын имараттарында көрсөтүлөт.
Эске салсак, СССР эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган "ART-ORDO - 2023" эл аралык театр фестивалы 24-29-сентябрь күндөрү өтөт.
Фестивалдын бүгүнкү күнгө карата программасы:
- 10:00-11:00
Фестивалдын расмий ачылышы
Өтө турган орду: Т.Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театр;
- 11:15-13:15
Т.Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театрынын «Төлгө» спектакли
Өтө турган орду: Т. Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театр;
- 15:00-16:10
Санкт-Петербург камералык театрынын "Фауст" спектакли "ТОК"
Өтө турган орду: Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театр;
18:00-19:10
Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын "Илегилек" спектакли
Өтө турган орду: Т. Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан