Толгонай Арзыкееванын заманбап үлпөт тою болуп өттү

Кечээ, 24-сентябрда белгилүү ырчы жана актриса катары таанымал болгон Толгонай Арзыкееванын заманбап үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Үлпөт тойго эки жаштын жакындары, санаалаштары жана шоу-бизнес өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, 3-сентябрда ырчыга сүйүктүүсү сөйкө салып кеткени белгилүү болгон. Көп өтпөй, тагыраагы, 5-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде анын кыз узатуу тою болуп өтүп, анын жолдошу Атай аттуу мырза экени маалым болгон.

Толгонай Арзыкеева коомчулукка "Деспасито" ырына кавер аткаруу менен белгилүү болгон. Мындан сырткары, "Махабат", "Жүрөк ээси", "Садагам" аттуу ырлары эл оозуна алынган. Ошондой эле "Кошунаны тандабайт", "Браво" сыяктуу кинолордо роль жараткан.

SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан