Айгерим Расул кызы "Сынакта атаандаштары бүт эле улуу муундагылар го" дегендерге жооп берди

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагына катышып, баш байгени багындырган.

Сынактан кийин көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары Айгерим Расул кызы катышкан конкурска көпчүлүк улуу муундагы айымдар катышканын жазышкан.

Өз кезегинде ырчы аларга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Айтымында сынак 3 категория менен өткөн.

"Менин ийгилигиме сүйүнгөндөр канчалык көп болсо, ичи күйүп өрттөнгөндөр дагы ошончолук көп болууда. Арабызда акылы кем адамдар көп экени өкүндүрөт, же атайын көрө албастыктан, ичи тардыктан эмне кылышын билбей, ар нерсени токуп, өздөрүн ошентип сооротушабы?

LADY WORLD конкурсу 3 категорияга бөлүнөт жана ар категорияда ар башка титул:
1. “LADY WORLD” эң башкы, 20-40 жашка чейин - бул менин категориям;
2. “QUEEN WORLD” 40-50 жашка чейин;
3. “GRAND WORLD” 50 жаштан өйдө", - деп жазды Айгерим Расул кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-09-25 20:43:00
Ийгиликти дайыма бир нерсе коштоп журот. Ал кыргыздардын коро албастыгы. Ишине ийгилик ушундай сулуу болуп журо бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан