Депутат Марлен Маматалиев ийгилик жараткан спортчуларга Жогорку Кеңештин атынан сыйлык берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 27-сентябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Ал төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып, Белградда өткөн Дүйнө биринчилигинде жана учурда болуп жаткан Азия оюндарында байге алган спортчуларга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
"Өзүңүз да спортту көңүл сыртында калтырбай келесиз. Ошол ийгилик жараткан спортчуларга Жогорку Кеңештин ардак грамотасын тапшырып, анан төраганын фондунан акча бөлдүрүп берүүңүздү суранам", - деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан спортчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырган.