"Тартынбаган чечкиндүү кыз". Мээрим Жуманазарованын ордуна Азия оюндарына бара турган Нурзат Нуртаева тууралуу эмнелер белгилүү?

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарына кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарованын ордуна Нурзат Нуртаева барат. Нуртаеванын Азия оюндарына катыша турганын 26-сентябрда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков билдирди.
Буга Мээрим Жуманазарованын колунан жаракат алганы себеп болгон. Жуманазарова Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жаракат алганына байланыштуу чейрек финалда күрөшпөй калган.
Нурзат Нуртаева учурда 21 жашта. Ал 2002-жылы Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чоң Кара-Буура айылында туулган. 2017-жылдан бери кыз-келиндер күрөшү боюнча килем үстүнө чыгып келет.

Буга чейин балбан кыз үч жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңген. 2019-жылы Казакстанда өткөн Азия Чемпиондугунда жана 2021-жылы Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында коло байгеге ээ болгон.

68 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Нуртаева 2022-жылы Бахрейинде өткөн 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган. Бул мелдеште кыргыз спортчусу Индия, Өзбекстан, Казакстан жана Япониядан келген балбан кыздар менен күч сынашкан.

2022-жылы Болгарияда өткөн 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда да күмүшкө татыган. Анда балбан кыз 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Нуртаева биринчи беттешинде молдовалык Лусиана Беданы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип, андан соң италиялык Лаура Годинону ишенимдүү түрдө жеңип алган. Жарым финалда германиялык София Шаффл менен беттешип, 6:3 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Бирок финалдык беттеште кыргызстандык спортчу атаандашы япониялык Ами Ишииге биринчиликти алдынып жиберген.

Ошондой эле балбан кыз Красноярск шаарында өткөн күрөш боюнча Иван Ярыгиндин кубогуна арналган эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болгон. Бул мелдеште Нуртаева жарым финалда Бураковага жеңишти берип жибергени менен коло үчүн болгон беттеште Гүлнура Таштанбекованы 7:9 эсебинде утуп алган.

Ал июнь айында Бишкекте өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия Чемпиондугунда да 3-үчүнчү орунду багындырган.

Спортчунун ийгилиги муну менен чектелген жок. Нуртаева быйыл Беларуста өткөн II КМШ оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча алгачкы алтын медалды алып кубанткан. Финалда ал беларустук Виктория Радькова менен килем үстүнө чыгып, акыркы секунддарда жеңишти багындырган.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 8-классына чейин Умарбеков атындагы орто мектебинде билим алган. Кийин спорт мектебине кеткен.

Мугалимдеринин айтымына караганда, Нуртаева мектепте жакшы окуган алдыңкы окуучулардын бири болчу. Көбүнчө гуманитардык сабактарды жакшы өздөштүрчү.

Аталган мектептин директору Элеонора Курманалиеванын айтымында, Нуртаева окуучу кезинде эле спорттук иш-чараларда ийгиликтерди жаратууга жетишкен.

"Нурзат Нуртаева окуучу кезинен спорттук иш-чараларда ийгилик жаратып, бизге сыймык алып келчү. Бешинчи классынан баштап эле күрөш ийримине катышчу",- деди Курманалиева.

Ошондой эле ал Нуртаеванын сабактарын жакшы окуган, тартынбаган чечкиндүү кыз болгонун кошумчалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-09-29 09:59:00
Кыргыз кыздарына ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан