Ошто айылдаштарынын малын уурдап жүргөнгө шектүү жигит кармалды

Уурулукка шектелип изделип жаткан Жапалак айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.уулу Б. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, шектүү М.уулу Б. Жапалак айылында жашап туруп, өз айылдаштарынын малын 2022-жылдын күз айларынан тартып уурдап, сатууга өткөн. Берген көрсөтмөсүнө караганда, күндүзү алдын ала көрүп койгон малдарды короодон же талаада аркандалып турган жеринен түнкү саат 02:00дөн соӊ уурдап чыгып, ээн талаага аркандап коюп, макулдашкан унаага салып, таӊ атпай мал мазарга жетип, базар баасынан арзаныраак сатып жиберип турган.
"Түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн короткон. Автоунаанын айдоочусуна малдардын уурдалганын айткан эмес. Өзүн мал алып-сатып, чайкоочулук менен алектенген адам катары тааныштырып койгон. Уурдалган малдарды Өзгөн, Кызыл-Кыя жана Ноокат шаарларынын мал базарларына сатып турган. Учурда шектүү тарабынан 7 ири мүйүздүү мал жана 2 кой уурдалгандыгы аныкталган", - деп жазылат билдирүүдө.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан