"Кирүү акысыз". Бүгүн Бишкекте кыргыз, түрк, казак, өзбек спектаклдери коюлат

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан "Арт ордо-2023" эл аралык театр фестивалынын алкагында, казак, өзбек, түрк, кыргыз спектаклдери коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Бүгүн коюла турган спектаклдер:

  • Саат 11:00-13:00дө Түркиянын мамлекеттик театрларынын башкы дирекциясынын "Мына ушундай окуя” спектакли (Анкара, Түркия). Өтө турган орду: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
  • Саат 15:00-16:00дө Г. Мусрепов атындагы казак мамлекеттик академиялык балдар жана өспүрүмдөр театрынын "Кулагер" спектакли; (Казакстан). Өтө турган орду: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
  • Саат 16:30-18:30 К. Жантөшөв атындагы Ысык-Көл мамлекеттик музыкалык драм театрынын "Күн кармаган бала" спектакли; (Кыргызстан). Өтө турган орду: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры;
  • Саат 19:00-20:30 Анжиян облустук музыкалык драма театрынын "Бабур. Сагыныч", спектакли (Өзбекстан). Өтө турган орду: Т. Абдумомунов атындагы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театры.

Бардык спектаклдерге кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан