25-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Нурайым Акылбекова тушоо кесүү концертин элге тартуулаган.
Концертке чейин, андан кийин дагы интернет колдонуучулар ырчынын концертине билеттер кымбат экенин айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.
Бүгүн, 28-сентябрда ырчы аларга жооп берди. Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда ал сыйлаган эл кымбатына карабай келе тургандыгын белгиледи.
"Концерт күнү "Билетиң 2000 сом, кымбат" дебей эле белектерди ачып көрсөм чоң-чоң, себет-себеттерди алып келгендерди караңыздар. Жөн эле мени менен байланышы жок, чыгармачылыгымды сыйлап эле мен үчүн 4000-5000 сомдук себеттерди, 6-7 миң сом турган гүлдөрдү көтөрүп келишти. Сыйлаган эл эч кандай кымбат дебей эле көрө берет экен. Чыгармачылыкка аралашкан киши кандай оор экенин билет болуш керек. Мындан кийинки концерттер дагы эми байкасам кымбат боло баштады", - деди ал.