Ырчы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагындагы сүрөттөрү менен бөлүштү.
Ырчы социалдык тармактагы баракчасына сынак учурундагы сүрөттөрдү жүктөп, Сочиге барганда бир аз шишип калганын айтты.
"Сочиге келген күндөн баштап аябай шишидим. Уйкум эле келет, аба алмашканы келбетиме жакшы болгон жок. Бутумдун өлчмү 38 болсо Сочиге келгени өлчөм 39, 40ка чейин жетти", - деди ал.
Ошондой эле ырчы сынак учурунда күндө таңкы саат 6да туруп жатканын кошумчалады.
Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагына 12 өлкөдөн 40 катышуучу катышкан. Сынак үч категория менен өтүп, Кыргызстандан барган Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" аталган.
Бул сынак кийинки жылы Кыргызстанда өтөт.