Ырчы Эмил Балтагуловдун апасы көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук филармониясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ырчынын апасы кечээ, 1-октябрда каза болгон.
"Эмил Балтагуловдун апасы Ырыс энебиз оорудан улам каза болду. Бул күтүүсүз жоготуу баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Ушуга байланыштуу Эмил Аширбековичке, жубайы кесиптешибиз Гүлгүнай Жумабековага, үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",- деп айтылат филармония жамаатынын көңүл айтуусунда.
SUPER.KG порталы Эмил Балтагуловдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.