Жоламан Шаршенбеков экинчи атаандашын 9:0 эсебинде жеңди. Эми Бахромов менен кайра күрөшөт

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Ал 1/4 финалда түштүк кореялык Чон Хандже аттуу балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Муну менен кыргыз балбаны Азия оюндарынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда Жоламан Шаршенбеков өзбекстандык Исломжон Бахромов менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Исломжон Бахромов сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында күрөшүшкөн. Анда кыргыз балбаны 10:0 эсебинде жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан