Кечээ, 3-октябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2023" сынагы өттү. Сынакта Акылай Калбердиева жеңүүчү аталды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
"Кыргызстан сулуусу-2023" сынагынын жеңүүчүсү Акылай Калбердиева 21 жашта. Кичинекей чагынан бийлейт. Ошондой эле Бишкектеги айрым кийим сатуучу дүкөндөрдө модель болот.
Сынакта эки баш байге болду. Бири "Кыргызстан аалам сулуусу", экинчиси "Кыргызстан жер сулуусу". Экөө тең чет өлкөлүк сынакка катышууга укуктуу.
Белгилей кетсек, финалга жалпы 17 кыз катышты.