Маданият министри спектакль жөнүндө айтылган сын-пикирлерге жооп берди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу коомдо жаралган пикирлерге байланыштуу комментарий берди. Анын билдирүүсү министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда белгиленгендей, бул спектакль Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон. Спектакль эл аралык ART ORDO театр фестивалынын алкагында Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры тарабынан сахналаштырылган.

Жалпысынан 17 спектакль көрсөтүлгөн фестивалда "Күн кармаган балага" калыстар тобу жогорку баа берип, баш байгени алганын белгиледи. Аны сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырды.

"Спектакль эл аралык калыстар тобунун сынынан өтүп, жогорку баа берилип, баш байгени багындырды. Ал гана эмес, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди.
Ал эми социалдык тармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, 2 сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин 8 секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаевдин аталган чыгарманын маани мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!?
Көркөм чыгармада режиссёрдун айтайын деген ою, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ. Аны түшүнүп-билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрынын жана жаш режиссёрдун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун?", - деген министр.
Максутов ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарына токтолгон.
"Театр - тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ. Алар чындыкты, конфликти, мүнөздөрдү чагылдыруу, аларды трактовкалоо жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо драмалык иш- аракеттер менен ишке ашат эмеспи. Бирок оюндун оппоненттери, урматтуу биздин жарандарыбыз бир жагдайды эстеринен чыгарып жатышат окшойт: маселе искусствонун предмети жөнүндө кетип жатат. Ал эми искусстводо биринчи орунда образдуулук турат. Бардык көрүнүштөр, деталдар жаратмандын көркөм-образдуу ой жүгүртүүсүнө, көркөм-образдуу концепциясына гана баш ийдирилет. Ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан ар бир деталды же көрүнүштү өз-өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алардын ар биринин мааниси, мазмуну комплекстүү каралганда гана, образдуу чечилиштин алкагында гана түшүнүктүү болот. Искусствонун өзгөчөлүгү ушунда", - деген ал.
Эскерте кетсек, "Күн кармаган бала" спектаклинде энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда баланы ойногон актердун жылаңач денеси артынан кыска убакытка көрсөтүлгөн. Мындан улам коомчулукта түрдүү пикирлер пайда болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан