Айдана Дека: "Туулган күнүмдө жар-жар айтып эки жаштын жакшылыгына күбө болом"

Бүгүн, 5-октябрда эстрада ырчысы Айдана Дека жеке майрамын белгилеп жатат. Ырчы 27 жашка чыкты. Бул күнү ал үлпөт тойдо эки жашты эл алдына алып чыгып, андан кийин жакындарынын курчоосунда майрамды белгилегени жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы өзү билдирди.

"Азыр туулган күнүмө даярданып салондо жүрөм. Саат 18:00дө тойго чакырылгам. Анда жар-жар айтып, эки жашты эл алдына алып чыгып коюп, тулган күнүмдү белгилегени кетем. Конокторду саат 19:00гө чакыргам. Буюрса, жакындарымдын, кесиптештеримдин, үй-бүлөмдүн курчоосунда белгилейм. Маанайым абдан сонун. Саат 12ден өткөндө биринчилерден болуп жолдошум жана продюсерим куттуктады. Ошол убакыттан бери түрдүү белектерди, куттуктоолорду кабыл алып жатам", - деди ырчы.

Айдана Дека 1996-жылдын дал ушул күнү жарык дүйнөгө келген. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган.

Анын репертуарында "Кыздын сыры", "Жигитке, "Бийле", "Жыргап жаша", "Кыргызым" жана башка ырлар бар.

Айдана Дека ырчы Аваз Акимов менен 2019-жылы баш кошушкан. Учурда эки кызды тарбиялап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-04 04:23:00
тУлган күнүмдү -- тУУлган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан