Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын ачылышы болду 

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болгон командалардын курамында 600гө жакын улан-кыздар катышат. Алар фортепиано, скрипка, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча 10 номинация боюнча сынактарга катышат.
"Дельфи оюндарынын калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн 30дан ашык көрүнүктүү искусство ишмерлери, сүрөтчүлөрү, профессорлору жана искусство таануу илимдеринин докторлору кирет", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, лауреаттар алтын, күмүш жана коло медаль менен сыйланат. Ал эми дельфи оюндары Кыргызстанда 10-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан