Кечээ, 8-октябрь күнү кечинде Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү.
Жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин балбан Жоламан Шаршенбеков көтөрүп басты.
Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 23 спорттун түрүнөн 162 спортчу катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, Азия оюндары 4 жылда бир өтөт. Кийинки Азия оюндары 2026-жылы Япониянын Нагойя шаарында өтөт.