Өзгөчө үндүн ээси Каныкей 36 жашка толду: "Мүчөл жашымды белгилебейм, ырымга ишенем" 

Бүгүн, 16-октябрда өзгөчө үндүн ээси, ырчы Каныкей мүчөл жашын белгилөөдө. Ырчы менен байланышып бүгүнкү туулган күндүк маанайы менен бөлүштүк.

"Бүгүнкү маанайым абдан сонун. Бүгүн 36 жашка чыктым. Мени ушундай кылып жараткан Жаратканыма шүгүр айтам. Өзүмдүн жашымдан жаш көрүнөм (күлүп). Менде баары бар, бардыгына шүгүр келтирем.

Негизи мен туулган күнүмдү өткөргүм келген. Бирок мүчөл жашты белгилебейт деп коёт экен, мен ырым-жырымга ишенем. Ошол себептен үй-бүлөм менен эле чакан белгилеп коёлу деп жатабыз. Анан кызыл өңдөгү кийим кийиш керек экен. Быйыл кызыл көйнөк көп кийгенге аракет кылып жатам (күлүп)" - дейт ырчы.

Каныкей Алымбекова 1987-жылы Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9 мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп, иштей баштаган. Ырчы 2014-жылы турмушка чыккан. Бир уул, бир кызды тарбиялап келет.

Ырчынын репертуарындагы популярдуу ырлары – "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Жүрөк сыздайт", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" ж.б.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан