Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт

17-21-ноябрь күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кинофестивалга 8 кыргыз, 10 чет элдик тасма катышат. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Фестивалдын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата форум жана Борбордук Азия боюнча питчинг лабораториясы уюштурулуп, анын жеңүүчүсүнө 300 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылат.

Ошондой эле төмөндөгүдөй мастер-класстар өткөрүлөт:

- Жасалма интеллект жана кино;

- Жогорку сапаттагы трейлерлерди чыгаруу;

- Актёрдук чеберчилик;

- Виртуалдык жашоо жана кино;

- Заманбап дистрибьютор рыногу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан