Эртең Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгына арналган конференция өтөт

Эртең, 20-октябрда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык мурасы" аттуу темада илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Андан тышкары Бакен Кыдыкееванын баскан жолун баяндаган Жаныш Кулманбетовдун "Талант жана тагдыр" спектакли даңазалуу актрисанын атын алып жүргөн жаш көрүүчүлөр театрында коюлат.

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган бул спектаклде башкы ролду Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова ойнойт. Спектакль ошондой эле башкы ролду ойногон актрисанын 75 жылдык юбилейине да арналары айтылды. Коюлум саат 18:30да башталып, кирүү акысыз болот.

Даңазалуу театр жана кино актрисасы, СССР эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (учурда Бишкек шаары) туулган. Быйыл актрисанын 100 жылдыгы белгиленип жатат. Ага карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023- жылды жалпы түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыялаган.

Мындай иш-чаралар түрк тилдүү мамлекеттердин баарында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан