СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган виртуалдык көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Архив кызматы тарабынан даярдалган виртуалдык фотодокументалдуу көргөзмө Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин аудиовизуалдык документтеринен (101 документ), ошондой эле Борбордук мамлекеттик архивде сакталган Кыдыкееванын өздүк фондунун документтеринен (129 документ), ошондой эле Баткен Кыдыкееванын үй-бүлөлүк фондунан (8 документ) алынган материалдардын негизинде даярдалды.
Көрүүчүлөргө тартууланган көргөзмө алты бөлүмдөн турат: «Театр кызматында 1936-1985-жылдары», «Б.Кыдыкеева кинодо», «Үй-бүлөсү», «Сыйлыктары», «Бакен Кыдыкеева жөнүндө», «Видеодокументтер».
Актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуу үчүн ссылканы басыңыз.