Белгилүү ырчы Амирчик 20 жашка чыкты. "Туулган күнүмдө Москвада алгачкы жеке концертимди тартуулаганы турам" дейт ал

Бүгүн, 20-октябрда жаш ырчы Амирчик 20 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда, бүгүнкү маанайы жана пландары менен бөлүштү.

"Бардык мени куттуктаган жердештериме ыраазымын. Маанайым аябай сонун, себеби бүгүн Москва шаарында менин биринчи чоң концертим өтөт. Аябай толкунданып жатам. Андан сырткары 22-октябрда Бишкекте чыныгы майрам болот. Баарыңыздарды филармонияда өтө турган концертимден күтөм", - дейт ырчы.

Ырчы Амирхан Батырбаев (Амирчик) 2003-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарына жакын айылдардын биринде жарык дүйнөгө келген.

Жаш болгонуна карабай ийгилик жараткан ырчы мырза ТиК ТоК социалдык тиркемесинен 2 миллиондон ашык катталуучу топтой алган. Андан сырткары Орусиядан баштап, Азия, Малайзия жана Сингапурда да күйөрман топтоого жетишкен.

Ал "Эта любовь", "Либо люби", "Улетаю прочь", "Минумум раз", "Чистый кайф" жана башка ырлары менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан