UFC уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчаларында Ислам Махачевдин австралиялык Алекс Волкановскиди жеңгенден кийин Палестинаны колдогон сөздөрү кесилди.
"Мен бүгүн бул жеңишти майрамдабайм. Буга себеп дүйнөдө болуп жаткан окуялар. Палестина, биз сени мененбиз. Газа тилкеси, биз сени мененбиз. Муну токтоткула! Токтоткула!”, - деген Махачев.
Бирок мушкердин бул колдоо сөзү UFC уюмунун социалдык тармактарында кесилди.
Ислам Махачев Александр Волкановскийди биринчи бөлүктө эле нокаутка учураткан.