Самбо боюнча Кыргыз курамасы Дүйнөлүк оюндарда үч медаль жеңди

Самбо боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарында 3 коло медаль жеңди.

Спорттук самбо боюнча 88 килограммга чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу, күжүрмөн самбо боюнча 98 килограммга чейинки салмак ченинде Бекназар Жээмырзаев коло медаль утушту. Ал эми кыз-келиндер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Мираида Медетбек кызы дагы үчүнчү орунду камсыздай алды.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган жана 30-октябрь күнү жыйынтыкталат. Азыркы учурда мелдешке Кыргызстандан каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулар катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан