Дана Уайт жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону Ислам Махачев менен бразилиялык Чарльз Оливейранын реваншын уюштурууну каалайт. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Абу-Дабидеги "UFC 294" турниринен кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Башында Махачев менен Оливейра "UFC 294" турниринин негизги беттешинде мушташышы керек болчу, бирок иш-чарага эки апта калганда бразилиялык мушкер жаракат алып, аны кыска мөөнөттө австралиялык Александр Волкановски алмаштырган.
"Менимче кийинки Оливейра. Бул беттеш болушу керек. Бул суроого азыр жооп берүү кыйын, баары баарына түшүнүктүү болгондон кийин чечебиз", - деди Уайт.
Ислам Махачев менен Чарльз Оливейра 2022-жылы беттешкен. Анда орусиялык мушкер экинчи бөлүктө атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.