Кыргыз спортчулары Пара Азия оюндарында параддан өтүштү (видео)

Кечээ, 22-октябрь күнү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылышта атайын концерттик шоу-программа жана мамлекеттердин парады болду.
Парадда Кыргызстандын желегин Адилет Камчыбеков менен Адина Самыйбек кызы экөө көтөрүп чыкты.

Эскерте кетсек, пара Азия оюндарына 45 мамлекеттен келген 3026 спортчу катышууда. Алар 22 спорттун түрүнөн күч сынашат. Кыргызстандын атынан жалпы 27 спортчу спорттун 7 (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) түрүнөн катышып жатат.

20-октябрда башталган спорттук мелдештер 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Кыргыз спортчулары Пара Азия оюндарында параддан өтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан