UFC: Волкановскини нокаутка учураткан Ислам Махачев канча гонорар алганы белгилүү болду

Sports Payouts порталы 21-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде беттешке чыккан мушкерлер канча каражат алганын ачыктады.

Турнирдин негизги беттешинде жеңил салмактагы UFC чемпиону Ислам Махачев Александр Волкановскийди биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттеш үчүн Махачев миллион 790 миң доллар тапса, атаандашы 1 миллион 580 миң доллар киреше тапкан.

Ушул эле турнирде Камару Усманды жеңген чеченстандык мушкер Хамзат Чимаев 865 миң доллар алса, ал эми атаандашы 1 миллион 20 миң доллар алган.

"UFC 294" турниринде эң көп гонорар алган мушкерлер: Ислам Махачев - 1 миллион 790 миң доллар;

Александр Волкановски - 1 миллион 582 миң доллар;

Камару Усман – 1 миллион 20 миң доллар;

Хамзат Чимаев - 865 миң доллар;

Магомед Анкалаев - 225 миң доллар;

Саид Нурмагомедов – 205 миң доллар;

Жонни Уокер - 160 миң доллар;

Тим Эллиотт - 160 миң доллар;

Уорли Алвес - 120 миң доллар;

Икрам Алискеров - 99 миң доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urgqgexdkqbw
2023-10-23 21:39:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан