SUPER.KG порталы жаш талант Амирчиктин алгачкы тушоо кесүү концертине конокто болду. Концерттин жүрүшүндө кызыктуу окуяларга, бактылуу көз ирмемдерге, күйөрмандардын кайталангыс эмоцияларына толгон репортажды SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.
Ырчы Амирхан Батырбаев (Амирчик) 2003-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарына жакын айылдардын биринде жарык дүйнөгө келген.
Жаш болгонуна карабай ийгилик жараткан ырчы мырза ТиК ТоК социалдык тиркемесинен 2 миллиондон ашык катталуучу топтой алган. Андан сырткары Орусиядан баштап, Азия, Малайзия жана Сингапурда да күйөрман топтоого жетишкен.
Ал "Эта любовь", "Либо люби", "Улетаю прочь", "Минумум раз", "Чистый кайф" жана башка ырлары менен белгилүү.