Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хамзат Чимаевге Камару Усманды жеңгени үчүн жаңы Гелендваген белек кылды. Сүрөттү мушкер социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Турнир алдындагы маегинде дагы Хамзат Чимаев Кадыров ага үч Mercedes-Benz алып бергенин билдирген.
Эске сала кетсек, Чимаев менен Усмандын беттеши үч раундга тең созулуп, калыстардын чечими менен жеңиш Хамзат Чимаевге ыйгарылган.
Бул жеңиши үчүн Хамзат Чимаев UFC уюмунан 865 миң доллар алса, Камару Усман 1 миллион 20 миң доллар алган.