Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, спортчу 75 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Аталган мелдешке учурда каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча кыргыз спортчулары катышып жатат. Буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болгон.
20-октябрь күнү башталган мелдештер 30-октябрда жыйынтыкталат.