Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Пара Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, спортчу 48 килограммга чейинки салмакта катышып жатат. Алгач ½ финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди. Финалда алтын медаль үчүн япониялык балбан менен күч сынашат.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 дө башталат.
Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн 27 спортчу катышууда.