Кыргызстандык көзү азиз дзюдочу Хайхон Хусан кызы Паралимпиада оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту. Спортчу финалда япониялык атаандашын жеңди.
Белгилей кетсек, буга чейин спортчу 48 килограммга чейинки салмакта катышып, финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңген.