Пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, спортчу 5000 метр аралыкты 17 мүнөт 18 секунд убакытта чуркап өткөн.
Ушул эле күнү дагы бир кыргызстандык спортчу Хайхон Хусан кызы дзюдо боюнча алтын медаль тагынды.
Белгилей кетсек, ушул тапта Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. 20-октябрда башталган мелдештер 30-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн 27 спортчу катышууда.