Кыргыз эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Тиран шаарында (Албания) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, спортчу 61 килограммга чейинки салмакта катышып жатат. Алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңди.
Ал эми 1/4 финалдык беттеште азербайжандык спортчу менен беттешет.