ММА уюмунда аты аттын кашкасындай таанымал белгилүү кыргыз мушкери Эдил Эсенгулов үйлөндү.
Мушкердин үлпөт тою кечээ, 23-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү.
28 жаштагы Эдил Эсенгулов бир айдан кийин, тагыраагы 24-ноябрда Санкт-Петербургда кезектеги беттешин өткөрөт. Анда кыргыз мушкери бразилиялык Винисиус Круз аттуу мушкер менен беттешет.
Белгилей кетсек, Эдил Эсенгулов "Open FC" уюмунун 77 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиону.