Шоумен, тамада Дастан Махамадмурза менен жубайы Хадижа Камалдинова кечээ, 23-октябрда уулдуу болушту.
Бул тууралуу шоумен өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Сүйүнчү туугандар! Биз Хадижа экөөбүз уулдуу болдук. Ар бир инсандын үйүндө наристенин күлкүсү, ыйы жаңырып туруусун каалайм. Бардык куттуктоолорго чоң рахмат, ыраазычылык билдирем. Ар дайым жакшылык күндөрдө жолугалы", - деди шоумен.