Грэпплинг боюнча курама команда Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди

Грэпплинг боюнча курама команда Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 66 килограммга чейинки салмакта Сыймык Махмедов жана 100 килограммга чейинки салмакта Евгений Слесаренко коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медаль утса, каратэ боюнча 75 килограммга чейинки салмакта Назым Нурланов күмүш медалдын ээси болгон.

Эскерте кетсек, ушул тапта Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) Бүткүл Дүйнөлүк оюндар өтүп жатат. 20-октябрь күнү башталган мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан