Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде беттешкен Ислам Махачев менен Александр Волкановски социалдык тармактагы баракчаларына чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялашты.
Сүрөттүн алдына эки мушкер тең бири-бирине урматтоо сөздөрүн айтып, ийгилик каалашкан.
21-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде орусиялык мушкер Ислам Махачев австралиялык Александр Волкановскини жеңип, чемпиондук титулун экинчи ирет коргоду.