Тирана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Аден Сакыбаев 1/8 финалга өттү.
1/16 финалда кыргыз балбаны түштүк африкалык балбан менен кез келип, 11:24 эсебинде жеңди.
Беттештин биринчи бөлүгү 11:11 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө Аден Сакыбаев дагы 13 упай алып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Аден Сакыбаев Дүйнө чемпиондугуна 65 килограмм салмакта катышууда.