Дүйнө чемпиондугу: Балбан Тайырбек Жумашбек уулу коло байге утту

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу коло байге утту.

Маалым болгондой, спортчу килем үстүнө 61 килограмм салмак категориясында 23-октябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.

Биринчи кармашында атаандашы беттешке чыкпагандыктан жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылган. Чейрек финалда ал азербайжандык спортчуну 8:5 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда казакстандык балбанга 7:9 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болот.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 24-октябрда өтүп, Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнөлүк күрөш уюмунун атынан күрөшүп жаткан индиялык Акаш Дахия менен күч сынашып, аны 7:0 эсебинде утту.

5 салмак категориясында жүрүп жаткан мелдештер 23-октябрда башталган. Ал эми 29-октябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан