Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Албаниянын Тиран шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында алгач 1/8 финалда түркиялык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште беларустук спортчуну уткан. Жарым финалда орусиялык балбанга жеңилип калган.
Ал эми коло медаль үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.
Эске салсак, 5 салмак категориясында жүрүп жаткан мелдештер 23-октябрда башталган. Ал эми 29-октябрда жыйынтыкталат.