Кыргызстандык жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октбярда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кабарлангандай, спортчу 1500 аралыкты коштоочусу Даниэл Жээнбеков менен 6 мүнөт 31,22 секунд убакытта чуркап өткөн.
Кытайдагы Пара Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капчыгында 4 медаль бар. Алардын ичинен 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло.