29-октябрда Бишкекте велосезондун жабылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалымдалгандай, саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил бакта катталуу башталат.
Бир сааттан кийин ВДНХда 10:00дө старт алат. Андан кийин Чыңгыз Айтматов проспектисине түшүп, велосезондун майрамдык аяктоосу жана мелдештер өтө турган баштапкы пунктка сапар тартылат.
Веложүрүшкө жашына жана физикалык даярдыгынын деңгээлине карабастан каалаган адам катыша алат.