Бүгүн Клара Алибекова 41 жашка чыкты. "Туулган күнүмдү жакындарым менен белгилеп жатам" дейт ал

Бүгүн, 27-октябрда эстрада ырчысы Клара Алибекова өздүк майрамын белгилеп жатат. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, маанайы мыкты экенин айтты.

"Куттуктоо үчүн чоң рахмат. Маанайым эң сонун. Түнкү 12ден бери куттуктоолорду кабыл алып жатам. Өздүк майрамым жакындарымдын курчоосунда өтүп жатат. Туулган күнүмдө дайыма биринчилерден болуп уулум куттуктайт. Учурдан пайдаланып жакшы каалоо-тилектерин арнап жаткан Кыргыз элиме, досторума, жакындарыма ыраазычылык билдиргим келет", - дейт ырчы.

Клара Алибекова бүгүн 41 жашка чыкты. Ал Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында 1982-жылы төрөлгөн.

Алгач 5-классында “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды аткарып калың элге таанылган. Андан кийин “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” жана башка ырларды аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан